Жаматка таандык. Жамаатык пикир.
ЖАМААТТЫК БЕЛГИ – бирдиктүү сапатка же башка жалпы мүнөздөмөгө эгедер болуп, чыгарылуучу жана/же сатылуучу товарларды белгилөөгө арналган биримдиктердин, чарбачылык ассоциацияларынын, концерндердин жана да башка ыктыярдуу ишкана бирикмелеринин товардык белгиси. Ж. б. жана аны пайдаланууга укук башка жакка берилбейт.
ЖАМААТТЫК КООПСУЗДУК – БУУ Уставында белгиленип, ошол бүт дүйнөлүк уюм, жамааттык коопсуздук боюнча коопсуздуктун аймактык уюмдары тарабынан эларалык тынчтыкты коргоого жана баскынчылыкка каршы туруу максатында ишке ашырылуучу мамлекеттердин биргелешкен аракет тутуму. «Ж. к.» аталгысы 1922-жылкы Улуттар лигасынын алкагында эларалык мамилелерге кирген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, Ж. к. принциби юридикалык жактан БУУ Уставы башка эларалык келишимдер жана документтер (м.: 1975-жылдагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча Хельсинки кеңешмесинин корутунду актысы ж. б.) менен бекемделген.
ЖАМААТТЫК МАКУЛДАШУУ (жамааттык келишим) – уюмдагы социалдык-эмгектик мамилени жөнгө салуучу жана кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн атынан алардын ортосунда жазуу жүзүндө түзүлүүчү локалдуу ченемдик акты. Ж. м-лар менчиктин кандай түрү болбосун уюмдарда кеминде 1 жылдык мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн. Тараптардын жамааттык сүйлөшүүлөрү башталган күндөн тартып 2 айдын аралыгында Ж. м-нун айрым жоболору боюнча тараптардын ортосунда макулдашууга жетишилбесе, пикир келишпестиктердин протоколун бир эле учурда түзүү менен макулдашылган шарттарда жамааттык келишимге кол коюлууга тийиш. Жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер андан аркы жамааттык сүйлөшүүлөрдүн жүйөсү болушу же эмгек мыйзамдарына ылайык чечилиши мүмкүн.
Коллективное соглашение (коллективный договор)
ЖАМААТТЫК МЕНЧИК – бир катар мамлекеттердин мыйзамдары боюнча мамлекеттик жана жекеменчик менен катар турган өзалдынча менчик. Адатта, Ж. м. катары кооперативдерге кирген менчиктер түшүндүрүлөт. Азыркы учурда КР мыйзамдарында каралган эмес.
Society for worldwide interbank financial telecommunication
ЖАМААТТЫК ПОДРЯД – бригадалардын же башка жамааттардын уюмдашуу жана эмгекакы төлөө таризи. Эмгекакы акыркы иш натыйжасы боюнча төлөнөт. Иштеп табыла турган эмгекакы бригада мүчөлөрүнүн арасында тарифтик баскыч, иш жүзүндө иштеген убакытка, эмгекке катышуу өлчөмүнө жараша бөлүнөт.
ЖАМААТТЫК УКУК – ассоциациялардын, жыйындардын, жүрүштөрдүн, көрсөтүүлөрдүн эркиндиги.
ЖАМААТТЫК ЭМГЕК ТАЛАШТАРЫ – КР эмгек мыйзамдарына ылайык, эмгек шарттарын (эмгек акысы менен кошо) жакшыртууга жана өзгөртүүгө, жамааттык келишимдер менен макулдашууларды түзүүгө, өзгөртүүгө жана аткарууга байланыштуу, ошондой эле уюмдардагы эмгек укук ченемдерин камтыган актыларды макулдашууда жана кабыл алууда жумуш берүүчү кызматчылардын шайлануучу өкүлчүлүк органдарынын пикирин эске алуудан баш тарткандыгына байланыштуу кызматчылар (алардын өкүлдөрү) менен жумуш берүүчүлөрдүн (алардын өкүлдөрүнүн) ортосундагы жөнгө салынбаган кайчы пикир.